Энем
Күткөндүрсүн,Келдим, эне, аманбы?Кучактачы,Сүйчү беттен балаңды!Беш жыл бою,Тентип кеттим дайынсыз,Сагындың го,Бир көрө албай караанды!Сагынганда,Тентип кеткен балаңды,Жүзгө жоруп,Жүгүрттүң го санаанды?Каттоочудан:«Кат жазсын!» — деп, айттырып,Кийинчерээк,Ала бердиң мазамды.Тентек эле,Эмне болду дедиңби?Күндө ойлоп,Асан кайгы жедиңби?Кимдер тилдеп,Кимдер шагын сындырып,Муңайтты - деп,Кейиттиңби зээниңди?..Ай, ушул сен,Кейий берген энемсиң,Бекер ойлоп,Бекер кайгы жегенсиң.Мен кетерде,Беттен өөп, кучактап:- «Кагылайын,Кайраттуу жүр» - дегенсиң....Энекебай,Кайратымдан жазбадым.Переведите на русский пожалуйста!!!