№1. Учур чактагы этишти белгиле.
а) жаздырам, күлдүрөм, каттаттырам б) басып баратат, иштеп жатат, күлүп жатат
в) тартылган, чийилген, чукулган г) кармалбаган, жулунбаган, салынбаган
№2. Сүйлөмдөгү этиштин чагын белгиле.
Мен ошол учурда балалыгым менен да коштошуп жаткан экем.
а) келер чак б) учур чак в) өткөн чак
№3. Сүйлөмдү туура толукта.
Алар макулдашкан күнү _____ жок.
а) келишсин б) келишпес в) келишкен г) келишпей
№4. Терс формадагы этиштерди белгиле.
а) ырда, ойно, оку б) ырдаба, ойнобо, окуба
в) ырбат, ойгот, окут г) ырдаса, ойносо, окуса
№5. Буйрук ыңгайды билдирген этиш сөздү белгиле.
а) калчы б) калат в) калмак г) калгын
№6. Терс формадагы этиш катышкан сүйлөмдү белгиле.
а) Балача кытылдап күлүп, жолун тороду.
б) Балтамды жоготтум деп жүрбөдүм беле.
в) Бул жолу дагы баласын алып келген жок.
г) Балалык менен коштошконумду билдим.
№ 7. Сүйлөмдү толукта.
Ал бизге конокко … .
а) келесиң б) келемин в) келет г) келебиз
№ 8. Сүйлөмдүн баш мүчөлөрүнө … кирет.
а) ээ, баяндооч б) аныктооч, толуктооч
в) тамга, тыбыш г) бышыктооч, аныктооч
№ 9. Сүйлөмдү толукта.
Билеги күчтүү бирди ... .
а) жыгышат б) жыгат в) жыкчу г) жыгуучу
№ 10. Сүйлөмдү туура жак мүчөдөгү сөз менен толукта.
Сен жакшы … .
а) окуйбуз б) окуйт в) окуйсуң г) окуймун